Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте кафеден чыгып кетип, дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз табылды (фото)

Милиция бул ишти иликтеп жатат

Бишкектеги Баткен базарындагы кафеден чыгып кетип, дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбордун Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


«Буга чейин анын ата-энеси РИИБге дайынсыз жоголгон кыз боюнча арыз менен кайрылган», - деп билдиришти милициядан. – Алар 15 жаштагы кызы борбордогу Баткен базарында жайгашкан шаардык кафеден саат 20.00дөр чамасында чыгып кеткен боюнча үйүнө кайтып келбегенин айтышкан. Кечээ ата-энеси райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылып, кызы үйгө аман-эсен кайтып келгенин айтышкан. Учурда милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Михаил Готфрид
Фотосүрөт

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх