Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Букада эркек киши 300 миң сомдук малын Өзбекстанга айдап кетүүгө аракет кылган

Кармалган жаран жана малдары тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди

Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз мал айдап өтүүгө аракет кылган КР жаранын кармашты.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Булак тилкесинде мамлекеттик чек арага жакын жерде чек арачылар Кыргызстандын 6 баш малын Өзбекстанга айдап келе жаткан Сөгөт айылынын 1986-жылы туулган тургуну О.А.ны кармашты. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, бодо малдын баасы 300 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана КРК кызматкерлери кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх