Коррупция Талас мамлекеттик университетинде болгон. Ректор убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Университетте кызматкерлерди “текшерүүгө” мажбурлашкан, бюджеттик акчаны өздөштүргөн, кирүү экзамендеринде опузалап акча талап кылган ж.б.у.с.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Талас мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схеманы аныктады.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 30-августта Талас мамлекеттик университетинин ректору “У.А.Ш.” кармалганын кабарлады. ТалМУнун сайтында окуу жайдын жетекчиси деп Айбек Упенов көрсөтүлгөн.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, “У.А.Ш.” жана университеттин башкы бухгалтери “К.Г.Ж.” ТалМУнун кызматкерлерине берилген 7 миң сомдук премиясынын 6 миңин ыйгарып келген. Бул 2021-2022-жылдар аралыгында болгону такталды.
Мындан тышкары, шектүүлөр жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, окуу жайды оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.
“Ошондой эле, “А.У.Ш.” кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы “Т.Т.” менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген”, - деп билдиришти УКМКдан.
Атайын кызмат ТалМУнун ректорун Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизди.
“Азыркы учурда жогорудагы мыйзамсыз фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”, - деп кошумчалашты атайын кызматтан.
УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www