УКМК эл аралык маңзат тобунун казакстандык мүчөсүн кармады (фото)
Коңшу өлкөнүн жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилди
УКМКнын кызматкерлери 2020-жылдын сентябрь айында Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын эки жаранын кармашып, алардан жалпы салмагы 10 кг болгон афган тектүү гашиш алынган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган баңги жүктү Талас облусунун Казакстан менен чектеш аймагынан андан ары контрабандалык жол менен алып өтүү жана республиканын аймагына сатуу үчүн алып келүүгө тийиш болгон Казакстандын жараны К.Э.Б. кармалган.
2022-жылдын 28-августунда козголгон кылмыш ишинин алкагында коңшу мамлекеттердин биринин жараны К.Э.Б. жана андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын УКК СИЗОсуна жайгаштырылды.
Учурда Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынын ичинен бул баңги каналынын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү