Караколдо айдоочу улгайган аялды сүзүп, ооруканага алып барып, качып кетти (фото)
Кылмышкер табылып, унаа айып жайга камакка алынды
Караколдо айдоочу улгайган аялды сүзүп, ооруканага алып барып качып кеткен. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
- Облустук бириккен оорукананын алдында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө ар кандай денесинен жаракат алган улгайган аял тез жардам бөлүмүнө жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн, - деп билдиришти милициядан. - Аны сурактан кийин укук коргоо кызматкерлери ошол эле күнү саат 15.00дөр чамасында жөө адамдар өтүүчү жерден белгисиз унаа сүзүп кеткенин аныкташкан. Андан кийин бул унаанын 75 жаштагы жабыркаган айдоочусу ооруканага жеткирилип, айдоочу качып кеткен. Шаарда «Перехват» планы киргизилди. Иликтөө иштеринин натыйжасында бул айдоочунун өздүгү такталып, ал жол кырсыгын жасаганын мойнуна алган. Бул аялды сүзүп алган «Хонда» унаасы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Михаил Готфрид
Сүрөт Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы