Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте алдамчылык менен издөөдө жүргөн УКТ мүчөсү кармалды

Кармалган адам бир нече жолу соттолгон

Бишкекте алдамчылык менен издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып, кармалган.

Октябрь райондук сотунун чечиминин негизинде алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жалал-Абад облусунун тургуну К.С., жаран издөөгө алынган.

Жогоруда аталган жаран бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү катышуучусу катары ИИМдин учурдагы реестринде турат. Кылмышка шектүү Бишкек шаарынан кармалган.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх