Эркекти шаардын сыртына алып чыгып, бычактап, тоноп кетишкен (фото)
Сокулук районунда тоноочулукка шектелгендер кармалды
28-августта Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын Улуттук хирургия борборуна 1995-жылы туулган К.М аттуу жаран бычактан алган жаракаттары менен жеткирилгени тууралуу маалымат түшкөн.
Белгисиз эки адам күч колдонуп, жаранды унаага салып, Сокулук районунун Күн-Туу айылына алып барышып, бычактан жаракат келтиришип, андан кийин акчаны ээлеп, таштап кетишкени аныкталган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр: М.Д. 1991-жылы туулган жана 1992-жылы туулган К.М.
кармалып, Сокулук районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Чүй облусунун ИИББнын сүрөтү