Санкт-Петербургда жүргүнчүнү зордуктоого шектелген кыргызстандык таксист кармалды
Буга чейин аял айдоочу анын айласыз абалынан пайдаланып кеткенин айткан
Санкт-Петербургда зордуктоого шектелген кыргызстандык таксист Невский райондук сотунун чечими менен 3-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу журналисттерге шаардык соттордун бириккен басма сөз кызматынан билдиришти.
Процесс бир күн мурун жабылган.
Тактап айтканда, 4-сентябрга караган түнү 30 жаштагы таксист кармалган. Таксинин жүргүнчүсү аны анын айласыз абалынан пайдаланып, зордуктаган деп айыптаган. Таксистке карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз