Ысык-Көлдө пансионаттын саркынды суулары көлгө куюлду. Кылмыш иши козголгон
Тергөө иштерин Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы жүргүзгөн
Ысык-Көл облусунун прокуратурасы социалдык түйүндөрдө жарыяланган «Пансионаттын канализациясы Ысык-Көлгө агып жатат» деген аталыштагы басылма боюнча текшерүү жүргүзүп, анын жүрүшүндө пансионаттын тазалоочу жайлары жараксыз абалга келгендиги аныкталды. Л.Б." экологиялык, санитардык ченемдердин жана эрежелердин талаптарын бузуу менен иш алып барышат, бул айлана-чөйрөнү коргоону бузуу болуп саналат.
Аталган факты боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондун прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 298-беренеси (Иш учурунда айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www