Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Караколдо бандиттер түндө батирге кирип, тургундарды сабап, тоноп кетишкен (фото)

Кылмышкерлер унааны да ээлеп алышып, акчага кайтарып берүүнү сунушташкан

6-сентябрда Каракол ШИИБге облустук аймактык ооруканадан 1994-жылы туулган эки жаран денесинен жаракат алып келип түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ш.А жана М.Э. 1992-жылы туулган, Каракол шаарынын тургундары.



Тергөө тобу ошол эле түнү батирге белгисиз азиат улутундагы үч жаран кирип, денесине залал келтирип, уюлдук телефондорун, акчасын алып кетишкенин аныкташкан. Андан соң алар каза болгондордун бири Ш.Анын Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алышкан. Кылмышкерлер унааны документтери менен кайтарып берем деп, эртеси саат 17:00гө чейин мөөнөт коюп, 500 миң сом талап кылышкан.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 206 (Каракчылык) б беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.  Милиция кызматкерлери тарабынан «Ууру», «Аферист» жана «Бандит» операциясынын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр аныкталып, кызуу куугунтукка алынган. Алар 1997-жылы туулган Т.К. аттуу Тоң районунун тургуну И.М. 1994-жылы туулган Түп районунун тургуну жана О.С. 1994-жылы туулган Жети-Өгүз районунун тургуну.



Алдын ала сурак учурунда кармалгандар тоноо боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алышты.

Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүүлөргө карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх