Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери канаттары жабыркаган ак кууну куткарып калышты (фото)
Канаттуу жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборунун адистерине өткөрүлүп берилди
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туризм жана экологиялык милициясынын кызматкерлери Жаратылыш ресурстар, экология министрлигинин облустук башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте 6-сентябрда көлдү тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда Кызыл-Орук айылынын жээгинде браконьерлик торлордон канаттары жабыркаган ак кууну таап, куткарып калышты.
Кызматкерлер кушту дароо жээкке алып чыгышып, Чүй облусунун аймагында жайгашкан «Бугу эне» жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борборуна кайрылышкан. Куш борбордун адистерине тапшырылды.
Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди