Караколдо эркек киши батирде эки аялды бычактап салды (фото)
Киши өлтүрүүгө шектүү бир нече жолу соттолгон жана үйүндө баңгизатын сактап жүргөн
Караколдо эки аял батирден каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Полициянын маалыматына караганда, окуя бир күн мурун түнкү саат 00:00 чамасында катталган. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу Кашка-Суу кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен 55-60 жаштардагы эки аялдын жансыз денесин табышкан. Каза болгондордун денелеринде көптөгөн бычактан жаракаттар болгон.
- Кийинчерээк аялдардын өздүгү такталып, алар Каракол шаарынын тургундары К.Г. 1965-жылы туулган К.С. 1966-жылы туулган, - деп такташты укук коргоо органдарынан. Кылмыш болгон жерден кандын изи менен бычак табылган. Аталган факты Каракол ШИИБдин ЭПККга катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 1978-жылы туулган Ч.У аттуу жаран кармалган.
«Шектүүнүн үйүн тинтүүнүн алкагында балкондон кара түстөгү спорттук баштыкка салынган күрөң-кара түстөгү жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар зат табылган», - деп айтылат маалыматта. - Ошондой эле уктоочу бөлмөдөн спирттин өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү суюктук жана жапайы кара куурай табылган. Бул факты боюнча шектүүгө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо)аталган берененин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө учурунда убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Сүрөт www