Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Токмокто инисин өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды (фото)

Туугандардын ортосунда мас абалында чыр чыгып, ал трагедияга айланган

Бир күн мурун, 14-сентябрда Токмок ШИИБге 1961-жылы туулган Б.В.нын зомбулук менен өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө каза болгон жаран Б.В. 1964-жылы туулган агасы Б.А менен чогуу жашаган. Бир күн мурун алар чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен, экинчиси мас абалында чыр-чатактын негизинде тууганынын денесине залал келтирген.

Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх