Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасында жабыр тарткандардын саны 31ге жетти

Баткен облусунун бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү

Ыкчам маалымат боюнча, 16-сентябрда саат 13.00дө Баткен облустук бириккен ооруканасына дагы 13 жабырлануучу түшкөн. Жалпысынан 31 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылды.

Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Баткен облусундагы бардык саламаттыкты сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх