Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 42 адам жаракат алды

Улуттук госпиталдын үч дарыгерлер тобу Бишкектен Баткенге учуп кетти

16-сентябрь күнү саат 15:00гө карата ыкчам маалымат боюнча Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 42 жабырлануучу түшкөн. Алардын ичинен 19 жабырлануучу Баткен облустук бириккен ооруканасында, 18 жабырлануучу Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунда, 5 жабырлануучу Лейлек райондук ден соолукту чыңдоо борборунан Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилген.

Абалы жана диагнозу тууралуу маалымат кийинчерээк берилет.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн Улуттук госпиталдын үч дарыгерлер тобу (нейрохирургдар, жалпы хирургдар, кан тамыр хирургдары, анестезиолог-реаниматологдор, торакалдык хирургдар, фельдшердик персонал) Баткенге учуп кетишкенин маалымдайбыз.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх