Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкери Сузак районуна жашы жете элек кызга үйлөнгөн. Бул үчүн ал кызматтан алынган

Ошондой эле  имамга, кыздын апасына жана  күйөө балага айып тагылды

Сузак районунун прокуратурасы жашы жете элек балдардын укуктарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 2021-жылдын 20-декабрында Сузак РИИБнин кызматкери 1994-жылы туулган Э.К. аттуу жашы жете элек Базар-Коргон районунун тургуну 2005-жылы туулган К.Х менен турмуш курган.  Диний ырым-жырымды кылган Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р болгон.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагын чектөө) боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында милиция кызматкери Э.К., жашы жете элек кыздын апасы К.В. жана имам И.Р. айып тагылып, мындан тышкары Э.К. кызматынан четтетилди.

Кылмыш иши Сузак райондук сотуна жөнөтүлүп, каралып жатат.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх