Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен бажы кызматкерлери 15 тоннадан ашык минералдык жер семирткичтин мыйзамсыз ташылып келүүсүн токтотту (фото)

Жүк ЕАЭБ аймагына алып кирүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жүк ташуу документтери жок болгон

Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен районундагы Развилка көчмө постунда Кыргыз Республикасынын жараны З.Ж.Кнын башкаруусундагы  «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алышкан.


Салонду текшерүү учурунда продукция – Өзбекстанда өндүрүлгөн «Карбамид» жана “Аммиак селитрасы” деген маркасы бар минералдык жер семирткичтер табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 7000 кг, баасы 300 000 сомду түзгөн. Жүк ЕАЭБ аймагына алып кирүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган эч кандай жүк ташуу документтери жок болгон.

Бул факты боюнча 60 000 сом айып өндүрүлүп, 45 486 сом зыяндын орду толтурулган.

Ушундай эле кармоону Баткен бажысынын кызматкерлери УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен-Ош унаа жолунда да жүргүзүшкөн. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда КР жараны «Г.К.Я. «Карбамид» деген жазуусу бар 177 кап минералдык жер семирткичтер табылган. Товардын жалпы салмагы 8850 кг, баасы 424 800 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча 60 000 сом айып салынып, өндүрүлүп, 82 964 сом зыяндын орду толтурулган.


Бажы кызматынын басма сөз кызматы
Бажы кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх