Ак-Суу айылындагы ипподромдон эркек кишинин жансыз денеси табылды
Милиция адам өлтүрүүгө шектүүнү кармады
Бүгүн, 4-октябрда Москва районунун Ак-Суу айылындагы ипподромдо 45-50 жаштар чамасындагы европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөндүн белгилери менен табылды.
Бул факты Сокулук районунун КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин ИИБнын жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган жаран К.К.Б кармаган. Ал ИВСке жайгаштырылды.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз