Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзгөн районунда 14 жаштагы бала жардан кулап каза болду

Алдын ала маалыматтарга караганда, өспүрүм массалык мушташ болгон жерден качып бара жаткан

Өзгөн районунда 14 жаштагы бала аскадан кулап каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

- Өспүрүм 16-октябрда саат 10.00дө Киров айылына кире бериште, бийик жардын түбүнөн, арканын жанынан табылган, - деп билдиришти милициядан. – Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы, дарыгерлердин аракетине карабай бала алган жараатынан улам эсине келбей эртеси каза болгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө ошондой эле 15-октябрдан 16-октябрга караган түнү Жалпак-Таш Киров мектебинин 9-10-класстарынын окуучулары менен коңшулаш Шагым орто мектебинин окуучуларынын ортосунда көрсөтүлгөн жерде массалык мушташ болгону белгилүү болду. Алдын ала маалыматтарга караганда, каза болгон өспүрүм окуя болгон жерден качып кетип, жардан кулап кеткен.

Учурда тергөө иштери жүрүп, окуяга күбө болгондор суралып жатат.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх