Чүй облустук ИИББсы аялды денесин жиликтеп өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматты жашырып жатабы?
Милиция тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бул фактыны тастыктай да, төгүндөй да албайбыз деп жооп берди
Социалдык тармактарда, ошондой эле ата-мекендик ЖМКларда аялдын денеси кесилген өлүгү табылганы тууралуу маалымат пайда болду. КaКtus.media агенттигинин маалыматына караганда, сөөктүн калдыктары Чүй районундагы Аралга жакын Чоң Чүй каналынан жана Профсоюзная көчөсүнө жакын жайгашкан БЧКдан табылган.
Белгиленгендей, шаардын сыртынан аялдын буттары, ал эми борбор калаанын аймагынан тулкусу бар сумка табылган. Учурда кылмыш иши козголду. Милиция маркумдун өздүгүн тактап жатат.
Ал ортодо Vesti.kg ИИМдин басма сөз кызматына кайрылган, бирок алар комментарий берүүдөн баш тартып, өз кабарчысын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына жөнөтүшкөн, алар да бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес. РИИБ тергөөнүн купуялуулугуна таянып, денесин бөлүп жарып өлтүрүү фактысы бар же жок экенин тактоодон кескин баш тартты.
Сүрөт www