Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Тажикстандан «Ягуар» суусундугун контрабандалык жол менен ташууну токтотту (фото)

Кылмышка шектүүлөрдүн бири жүк ташуучу унаа менен кошуна республиканын аймагына качып кеткен

18-октябрда УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызстандын аймагына Тажикстандан аткезчилик жол менен алынып келинген 2160 бөтөлкө «Ягуар» суусундугун түзгөн алкоголдук продукцияны аныкташкан.


Көрүлгөн чаралар менен жогорудагы мыйзамсыз аракетке тиешеси бар Кыргыз Республикасынын жараны К.А.А. кармалган, ал ошол эле учурда жүк ташууда кылмышка дагы бир шериги болгон бул алкоголдук продукцияны мыйзамсыз алып кирүү фактысын тастыктаган, унаа Тажикстандын аймагына качып кеткен.


Учурда бул факты боюнча процессуалдык документтер түзүлүп, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх