Токмоктогу мал базарда аксакалдын акчасын уурдаган шектүү жаран кармалды (фото)
Кармалган адам акчаны жабырлануучуга кайтарып берүү үчүн милицияга берген
Милиция кызматкерлери Токмок шаарындагы мал базарда аксакалдын акчасын уурдаган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
- 16-октябрда саат 09.00дөр чамасында Токмок шаарындагы мал базардан белгисиз адамдар 1943-жылы туулган жарандын күрмөнүн чөнтөгүнөн 120 миң сомун уурдап кетишкен, деп эскертти укук коргоо кызматкерлери. - Акча каза болгон баласынын ашына жылкы сатып алууга багытталган. Карыянын абалын көргөн камкор жарандар жеринде акча чогултуп, жылкы сатып алган видео социалдык тармактарга тарап, коомчулукта резонанс жараткан.
Тергөө тобу жабырлануучу менен жолугушту. Ал арыз жазды. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө бул кылмышты жасоого шектүү адам аныкталып, кармалган. Ал 120 миң сомдук зыяндын ордун милиция кызматкерлерине берип, аксакалга өткөрүп берген. Тергөө иштери уланууда.
Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www