Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте курулуш фирмаларынын биринин директору кармалды. Алдамчылыкка шектелүүдө (сүрөт)

Анын бир алган акчасы  69 600 долларды түздү

Бишкекте алдамчылыкка шектелген курулуш компаниялардын биринин директору кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

- Бизге компаниянын кардарларынын бири кайрылды, - деп билдиришти милициядан. - Алданып калдым деп арыз жазып, чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, курулуш компаниялардын биринин директору ага курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн батир берүүнү убада кылган. Ал ишенимге кирип, алдоо жолу менен 69 миң 600 долларды ээлеп алган, бирок убадасын аткарган эмес. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүү кармалды. Анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.


Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх