Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта жигит мечиттеги садака кутусунан акча уурдап кеткен (фото)

Милиция шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга камады

 Н.Р. аттуу жаран 2022-жылдын 24-октябрында саат 05:50 чамасында Сокулук шаарындагы мечитке кирип, ал жерден садака кутусунан акча, байкоо каскранын мониторун жана сумка уурдап кеткен белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен Сокулук РИИБине кайрылган.


Аталган факты Сокулук районунун ИИБнын КЖБРге Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Бир күн мурун, 25-октябрда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүүнү аныкташкан.  С.Э болуп чыкты. 1997-жылы туулган. Ал ИВСга жайгаштырылды.


Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх