Кадамжай районундагы кичи дарыядан жансыз дене табылды
Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди
Сөөк бир күн мурун, 25-октябрда Кадамжай районунун аймагындагы кичи дарыядан табылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Сөөктүн табылгандыгы тууралуу маалымат саат 21:00дөр чамасында Көк-Талаа айылынан келип түшкөн, - деп билдиришти башкармалыктан. - Сөөктү суудан чыгарууга ӨКМдин 4 кызматкери тартылган. Маркум 1965-жылы туулган, ал Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.
Александр Канунников
сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз