Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте белгисиз адамдар журналистти сабап, тоноп кетишкен (фото)

Милиция шектүүлөрдү издөөнү баштады

Бишкекте белгисиз адамдар SuperTV телеканалынын журналисти Бактурсун Жоробековду сабап салышкан. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармактарга билдиришти.

Жабырлануучунун айтымында, ага мурунку түнү белгисиз адам телефон чалып, анын жүргөн жерин билүүгө аракет кылган.

«Дарыканадан чыкканымда мага белгисиз жарандар келип, бетиме жана башыма уруп, тепкилеп киришти. Алардын бири “бул СуперТВнын журналисти” деди. Анан мени камерага тартып алды. Эсимди жоготтум. Үйгө келсем саат 4.30 болуп калыптыр», — деп түшүндүрдү Жоробеков.

Vesti.kg сайтына Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн Жоробеков белгисиз адамдар аны сабап, телефонун жана 3,5 миң сомун тартып алышкандыгы тууралуу жазуу жүзүндө арыз жазган.

- Бул факт Ленин РИИБнин КЖБРге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

«Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат», - деп жыйынтыктады ИИМ.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх