Бишкекке жакын жерден иттер кемирген адамдын сөөгү табылды
Өлүмдүн себеби жана маркумдун өздүгү азырынча тактала элек
Бишкекке жакын Орто-Сай айылынан иттер кемирген адамдын жансыз денесин жергиликтүү тургундар табышкан. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Өлүмдүн себеби жана маркумдун өздүгү азырынча тактала элек", — деп билдирди полиция. – Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Маркумду эркек деп гана айта алабыз. Бул иш боюнча иликтөө иштерин Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү жүргүзөт.
Михаил Готфрид
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз