Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Көлдүн РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет ички иштер органдарындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу боюнча ишинин жүрүшүндө ИИМдин Тышкы чалгындоо кызматы менен биргеликте  31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү  Ош облусунун ИИБнын Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.ы. А. жана А.Ж.А. 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда , пара менен кармалган . Бул тууралуу Мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарган жарандан 120 миң сом талап кылышкан.

Учурда кармалгандар УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИВС-СИЗОсуна киргизилип, кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси уюштурулду.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх