Сузактын тургуну УКМК кызматкерлери менен сүйлөшкөндөн кийин экстремисттик көз караштан эл алдында баш тартты (фото)
Буга чейин ал адам “Хизб ут-Тахрир” уюмунун кылмыштуу иштерине аралашкан
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Хизб ут-Тахрир» РКУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу иштерин жүргүзүүдө.
Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен Сузак районунун тургуну Кыргыз Республикасынын жараны Х.А.С., радикалдык көз карашынан эл алдында баш тарткан. Х.A.С. 2005-жылдан бери «Хизб ут-Тахрир» РКУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик подпольенин активдүү кызматкерлери менен байланышта болгон.
Профилактикалык иш-чаранын жүрүшүндө Х.А.С. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды «Хизб ут-Тахрир» РСОсунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырды.
Учурда УКМК тарабынан «Хизб-ут-Тахрир» РКУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү иштери улантылууда.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү