Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто кытай жараны өз жетекчисин айлык акыдан улам бычактап өлтүрдү

Алдын ала маалыматтарга караганда, мекендештердин ортосунда бычакташуу жумуштагы пикир келишпестиктен улам болгон

Ошто кытай жараны өз мекендешин бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк борбордун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

- Окуя Навои көчөсүндө жайгашкан Пекин мейманканасында болгон, деп билдирди ИИМ. - 102 кызматына ошол жерден кытай жараны табылып, бычактан алган жаракатынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Бул оор кылмышка шектүү дагы кытай улутундагы адам кармалды. Ал буга чейин көрсөтмө берген. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар кызматтык мамиледен улам өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Маркум шектүүнүн жетекчиси болгон. Айлык акыдан улам чыр чыккан. Учурда кармалган жарандын көрсөтмөлөрү тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда маркумдун жакындары жана ал жерде жашаган шектүү, башка күбөлөр суралып жатат.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх