Жалал-Абад облусунда 19 жаштагы кыз каза болду
Дарыядан жансыз дене табылды
Ноокен районунда 19 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
- Таң атканда маркумдун жансыз денесин ошол эле райондун тургуну Алаш дарыясынан таап алган, - деп билдиришти милициядан. - Бул тууралуу 102 кызматына билдирди. Окуя болгон жерге Ноокен РИИБнин ыкчам тобу жөнөп кетти. Алдын ала иликтөө иштеринин жүрүшүндө кыздын өздүгү такталган. Бул Базар-Коргон районунун Акман айылынын 19 жаштагы тургуну. Маалыматка ылайык, кыз өлтүрүлгөн. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин «Адам өлтүрүү» боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, иштин бардык жагдайлары такталууда. Кошумча маалыматты кийинчерээк беребиз.
Михаил Готфрид
Сүрөт www