Домодедово аэропортунда кыргызстандыктар тонолгон. 4 миллион долларын алып кетишкен
Тоноо учурунда кылмышкерлер жабырлануучуларга унааны көздөй автоматтан ок чыгарган
Домодедово аэропортунда кыргызстандыктарды тоноп, алардан 4 миллион доллар алып кетишкен. Бул тууралуу Lenta.ru билдирди.
«Каракчылыктын курмандыктары эки адам болгон, алардан кылмышкерлер төрт миллион доллар уурдап кетишкен», - деп билдирди укук коргоо органдарындагы булактар журналисттерге. Каракчылар автоматтар менен куралданышкан. Алар аэропорттун имаратынын чыга беришинде жабырлануучуларды күтүп, акча салынган баштыктарды алып кетишкен. Ошол эле учурда каракчылык учурунда жабырлануучулар бара жаткан унаага ок чыгарышкан. Кылмыш жасагандан кийин кылмышкерлер Lexus жана Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү эки автоунааны уурдап кетишкен, кийин алар токойго таштап, Chevrolet Tahoe үлгүсүндөгү унаага отурушкан».
Москвада «Перехват» планы жарыяланды.
Ички иштер министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги, ошондой эле Кыргызстандын Москвадагы элчилиги Vesti.kg сайтына окуя боюнча маалымат боюнча комментарий бере элек.
Сүрөт www