Бишкектин тургуну мурдагы бала бакчанын жеринде белгисиз бирөөлөр бак-дарактардын баарын кыйып кеткенине нааразы болду
Объектти максаттуу пайдалануу үчүн курулуш иштери башталганын мэрия билдирди
Бишкек шаардык мэриясы Биринчи Май районундагы мурдагы бала бакчанын имаратынын ордуна курулуш иштерин баштады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына борбор калаанын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынан билдиришти.
Тактап айтканда, Vesti.kg сайтынын редакциясына окурман Нарвская 74 дарегиндеги мурдагы бала бакчанын ордунда белгисиз адамдар бактардын баарын кыйып салышканын айтып арызданган. Анын айтымында, бул аймакта жергиликтүүлөр сейилдеп, жайкысын бак-дарактар көлөкө болгон.
«Бир нече күн мурун кароосуз калган бала бакчанын имаратына белгисиз адамдар келип, соо бактарды массалык түрдө кыюуга киришкен. Чын эле ал жерге дагы бир кабат салгылары келеби? ”, - деп нааразы болду шаар тургуну.
Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти аталган бала бакчанын имараты 2019-жылы андан ары максаттуу пайдалануу үчүн мэриянын менчигине өткөнүн белгиледи.
«Учурда жогоруда аталган бала бакча борбор калаанын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын буйругуна ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук билим берүү борборуна өткөрүлүп берилди. Ошол эле учурда Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Нарвская көчөсү, 74 дарегинде жайгашкан социалдык объектиде учурда курулуш иштери жүрүп жатканын маалымдайбыз», - деп жыйынтыктады Муниципалдык менчик башкармалыгы.
Вероника Таранцева
Сүрөт www