Ботаникалык бакта аялды бычактап өлтүрүштү. Бишкекте кылмышка шектүү кармалды (фото)
Ал СИЗО-1ге киргизилип, окуя боюнча иликтөө иштери уланууда
Бишкекте Ботаникалык бакта аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
- 5-ноябрь күнү бычактан жаракат алган 50-60 жаштагы аялдын жансыз денеси табылганын ИИМ билдирди. - Сөөк Ахунбаев көчөсү тараптан табылган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөп кетти. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Кыргызстандын жараны аныкталып, кармалган. Соттун чечими менен эки айга СИЗО-1ге киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Михаил Готфрид
Фото www