Бишкекте "Форточник" кармалды (фото)
Шектүү батирге кирип, алтын жана ноутбук уурдап кеткен
Бишкекте бир нече уурулук фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Ноябрь айынын башында борбор калаадагы батирлердин бирине белгисиз бирөөлөр терезеден (форточкадан) киришкен - деп билдирди ИИМ. - Алар алтын буюмдарын жана Dell ноутбукун уурдап кетишкен. Уурулуктан келтирилген жалпы зыян 90 миң сомдон ашыкты түзгөн. Уурулук фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 1993-жылы туулган жаран кармалган. Ал борбор калаанын Борбордук ички иштер башкармалыгынын ИВСсына жайгаштырылган. Азыр кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.
Михаил Готфрид
Фото www