Жогорку Кеңештин имаратында өрт чыкты
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз
Жогорку Кеңештин имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, өрт буга чейин өчүрүлгөн, жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.
«Өрттүн келип чыгуу себептери иликтенип жатат, кененирээк маалымат кийинчерээк берилет», - деп белгилешти алар.
Ал ортодо окуяга күбө болгондор ӨКМ кызматкерлери Жогорку Кеңештин кызматкерлерин эвакуациялаганын билдиришти.
сүрөт ww
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз