Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта жүргүнчү таксистке бычак менен кол салды (фото)

Айдоочу бычактан жаракат алган

Сокулукта жүргүнчү таксистке бычак менен кол салды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

- Бир күн мурун бир жүргүнчү таксиге отуруп, Сокулукка алып кетүүнү суранган, - дешти укук коргоо кызматкерлери. - БЧКнын жанындагы токой тилкесине жеткенде жүргүнчү айдоочуга бычак менен кол салган.  Смартфон, 8 миң сом жана унаанын документтерин алып, андан кийин дайынсыз жоголгон. Кийинчерээк айдоочу милицияга арыз жазган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин «Каракчылык менен коштолгон адам өлтүрүүгө аракет кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун ИИБнын жана Сокулук РИИБнин ыкчам кызматкерлери кол салган адамдын өздүгүн такташып, аны кармашкан. Ал Сокулуктун 24 жаштагы тургуну болуп чыкты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх