Баткен облусунда Өзбекстандын жарандары бараткан унаа жарылып кетти
Унаанын ичинде төрт адам болгон
Баткен облусунда Өзбекстандын жарандары бараткан унаа бир күн мурун жарылган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Окуя Риштан-Сох унаа жолунун 16-чакырымында, Миң-Чынар айылынын батыш тарабында болгон», - деп билдиришти милициядан. - Болжол менен саат 10.00дөр чамасында Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаа жарылып, анын ичинде төрт жаран болгон. Жарылууга кыймылдаткыч бөлүгүндө жайгашкан газ баллонунун бузулушу себеп болгон. Унаанын ичиндегилердин эч кимиси жабыркаган эмес. Бул кырсык иликтенип жатат.
Михаил Готфрид
Сүрөт Баткен облусунун ИИБнын
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз