Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта почта кызматкерлери пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө багытталган дээрлик 1 миллион сомду өздөштүрүп кетишкен

Прокуратура кылмыш ишин козгоду

Сокулук районунун прокуратурасы “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына пенсия, пособие жана башка төлөмдөрдү бөлүштүрүүнүн мыйзамдуулугу боюнча текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкананын аталган филиалынын жооптуу адамдары тарабынан жалпы суммасы 985 миң 651 сомдук акча каражаты мыйзамсыз пайдаланылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Сокулук районунун прокуратурасы Каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактылары боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө башкы бухгалтер А.С., которуу оператору А.А. жана чарбалык белумдун башчысы Е.И. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу" боюнча кылмыш ишин козгоду.  Келтирилген 958 миң 651 сом зыян толугу менен мамлекетке толтурулган.

Кылмыш иши маңызы боюнча кароо үчүн Сокулук райондук сотуна жөнөтүлдү.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх