Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулук районунда жигит сүйлөшкөн кызын сабап өлтүргөн

Шектүү СИЗОго киргизилди

Сокулук районунда жигит сүйлөшкөн кызын сабап өлтүргөн. Окуя тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облусунун ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

«Милицияга Сокулук районунун аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүнө жергиликтүү тургун каза болгону тууралуу маалымат түшкөн», - деп айтылат милициянын маалыматында. - 24 жаштагы жарандын өлүмүнө ар кандай дене жаракаттары себеп болгон. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын Новопавловка айылында чогуу жашаган 30 жаштагы жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх