Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК чиновниктен акча талап кылган блогерди кармады (фото)

Социалдык тармактын активдүү колдонуучусу провокациялык макалаларды акы төлөп жарыялоону токтотууну убада кылган

Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Пара талап кылуу) беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКнын кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында интернет-блогер “Д.С.М.” кармалды.

"Д.С.М." экендиги аныкталган социалдык түйүндөрдө ар кандай чагымчыл макалаларды жарыялоону токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.
12-декабрь "Д.С.М." аттуу жаран УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалган адам КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх