Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузакта прокуратура 166 миллион сомдук парк зонасын мамлекеттин менчигине кайтарды

Парктын документтери болгон эмес, жергиликтүү администрациянын балансында да болгон эмес

Сузакта 166 миллион сомдук парк зонасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

«Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында «Достук» сейил багынын жер тилкеси Сузак айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынган», - деп айтылат көзөмөл органынын маалыматында. - Анын 1,11 гектар аянты 166 миллион 320 миң сомго бааланган. Текшерүүгө чейин бул жер тилкесине укук белгилөөчү документтери жок, айыл өкмөттүн балансында жок экендиги аныкталган. Буга байланыштуу Сузак районунун прокуратурасы тарабынан аталган парктын тилкесин айыл өкмөттүн балансына кабыл алуу жана аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү боюнча прокурордук акт киргизилген.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх