Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Суу районунда эркек киши чогуу жашаган аялды өлтүрүп, сөөгүн сандыкка катып койгон

Маркумдун артында төрт баласы калды

Кара-Суу районунда 49 жаштагы киши чогуу жашаган аялды өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция 1-декабрда Кара-Суу районундагы үйлөрдүн биринен жансыз денеси табылганын тактады. Сөөк сандыктан табылган.

Алдын ала экспертиза аялдын денесинде жаракаттарды көрсөткөн. Өлүмдүн себебин жана убактысын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул факты боюнча 122-берене "Киши өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Бул кылмышка шектелип Өзгөн районунун 49 жаштагы тургуну кармалган. Ал ИВСке жайгаштырылды. Тергөө иштери уланууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү буга чейин Казакстанда соттолгон. Алар каза болгон аял менен жарандык никеде жашашкан, анын артында төрт баласы калган.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх