УКМК: Бишкектин мурдагы вице-мэри кармалды (фото)
Бир убакта ал ишкананын бюджеттик каражаттарын мыйзамсыз чыгарып кетүүгө жана өзгөчө ири өлчөмдө коротууга катышкан
УКМК «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы менен «Бишкексвет» муниципалдык ишканасындагы коррупциялык механизмдерди аныктады.
2019-2021-жылдар аралыгында «Бишкексвет» ишканасынын жетекчилиги тарабынан материалдык пайда алуу максатында ишкананын бюджеттик каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө системалуу түрдө мыйзамсыз чыгарып кетүү жана өздөштүрүү иштери уюштурулгандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, каржылоонун бекитилген жана мыйзамдуу булактары жок туруп, чыгаша бөлүгүн жасалма түрдө көбөйтүү жолу менен «Бишкексвет» МИнин имараттарына жана курулмаларына капиталдык оңдоолор жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, 2 миллион 300 миң сомго жакын ишкананын негизги каражаттарын (мору) уурдоо фактысы аныкталды.
Ошону менен бирге 2016-2019-жылдар аралыгында «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын жетекчилеринин уруксат берүү жана курулуш объектилерин жылуулук тармактарына туташтыруудагы мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын бюджеттик кызыкчылыктарына зыян келтирилген. Зыян 31 миллион сомго жакын.
Белгилей кетсек, А.А.А аталган коррупциялык түзүмдөр иштеген мезгилде «Бишкекжылуулукэнерго» КП жана «Бишкексвет» ЖКнын директору болуп, буга чейин Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри кызматын аркалап келген .
15-декабрда козголгон кылмыш иштеринин алкагында Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык «А.А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү