Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте селсаяктар баш калкалоочу жайда киши бычакталып каза болду (фото)

Сөөк мурунку түнү табылган

Борбор калаадагы үй-жайсыздардын баш калкалоочу жайында бир киши бычакталып каза болду. Окуя тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

- Шаардагы баш калкалоочу жайлардын биринен бир күн мурун бычактан жаракат алып өлтүрүлгөн 38 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган, - деп чоо-жайын милициядан билдиришти. - 102 кызматына түнкү саат он бир жарымдар чамасында чалуу түшкөн. Окуя болгон жерге райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу дароо жөнөп кетишкен. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 65 жаштагы жаран кармалган. Ал тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Керектүү экспертизалар дайындалды.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх