Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ысык-Ата районунда жаран чогуу жашаган аялынын мурунку күйөөсүнө бычак менен кол салган (фото)

Ал шериги мурунку күйөөсү менен интимдик мамиледе болгон деп шектенген

15-декабрда Иваново ооруканасына Гидростроитель айылынын  1984-жылы туулган тургуну С.В. Көптөгөн бычактан жаракат алган .

Аталган факты Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.


Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүүнүн өздүгүн такташкан.  Ш.С аттуу жаран болуп чыкты. 1967-жылы туулган. Ал кишини кызганычтан улам бычактаганы менен түшүндүргөн. Чогуу жашаган жабырлануучунун мурдагы күйөөсү менен интимдик мамиледе болгон деп шектелген.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы билдирди
Чүй облусунун ИИББнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх