Сокулук районунда эркек киши 13 жаштагы кызын зордуктаган деп шектелүүдө
Кыздын апасы милицияга арыз жазган
Сокулук районунда 13 жаштагы кызын зордуктады деген шек менен 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Милициянын айтымында, кыздын апасы арыз менен кайрылган. Жарандын айтымында, 23-декабрда күйөөсү кызына күч колдонуп, жыныстык катнашка барган.
Аталган факт Сокулук РИИБге катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз