Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүйдө мурдагы бала бакчанын имаратында адам өлтүрүү болду (фото)

Оор кылмышка шектелип эки шектүү кармалды

Чүй районунун Октябрьское айылында бала бакчанын имаратында адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


«102 кызматына мурунку бала бакчанын имаратынан эркек кишинин жансыз денеси табылганы боюнча чалуу түшкөн», - деп айтылат милициянын маалыматында. - Маалыматтарды тактоо учурунда жансыз денеде зордук-зомбулук менен өлүмдүн белгилери бар экени белгилүү болду. Адам өлтүрүү фактысы боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.  50 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Анын шериги бар экени да белгилүү болду. Аны издөөнүн жыйынтыгында 39 жаштагы шектүү кармалган. Экөө тең изоляцияда кармалат. Тергөө иштери уланууда.

Михаил Готфрид
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх