Бишкекте алдамчы унааны ижарага алып, сатып жиберген (фото)
Шектүүнүн аракетинен келтирилген зыян 5 миң долларды түзгөн
Бишкекте алдамчы унааны ижарага алып, сатып жиберген. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
- Бизге жаран арыз менен кайрылган, - деп милициядан билдиришти. «Ал 4-кичирайондо жабырлануучунун ишенимине кирип, андан кызыл түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны ижарага алган жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда жаран унаасын үчүнчү жакка сатып, ал акчасын алып качып кеткен. Келтирилген чыгым 5 миң долларды түзгөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, кармалган. Соттун чечими менен ал Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилген. Тергөө анын башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Михаил Готфрид
Сүрөт www