Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Кыргызстандын аймагына катталбаган күйүүчү-майлоочу майларды киргизүү аракетинин алдын алды (фото)

Азыр күч кызматкерлери күйүүчү майдын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдеп, ошондой эле келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоодо

УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө күйүүчү-майлоочу майларды милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөстөн мыйзамсыз алып келүү аракети токтотулду.

Тактап айтканда, 2023-жылдын 7-январында Талас районунун Кара-Ой айылында 1977-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Н.А.А.нын башкаруусунда ДАФ үлгүсүндөгү унаа кармалган.


Текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок жана цистерналардын капкагында контролдук пломбалары жок 36 тонна (3 млн сомдон ашык) күйүүчү-майлоочу майлар табылган.

Учурда күйүүчү-майлоочу майлардын келип чыгышынын бардык жагдайларын изилдөө, ошондой эле милдеттүү салыктык чегерүүлөрдү төлөбөй коюу түрүндөгү зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


УКМКнын басма сөз борбору
УКМКнын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх